Израилден келген дарыгерлер тобу Ош облустук клиникалык оорукананын көз микрохирургия бөлүмүндө 150 оорулуунун ден соолугун текшерип, 33 жаранга операция жасашты. 2012-жылы да Кыргызстанда илимий-практикалык жардам көрсөтүү үчүн келген израилдик дарыгерлер 200 оорулууну текшерип, 49 операция жасашкан. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Израиль тарап менен Кыргызстандын медицина тармагындагы кызматташтыгы көп жылдардан бери уланып келет. 6-октябрдан тарта чет элдик дарыгерлердин катышуусундагы илимий конференциялар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында уланууда. Ага аталган аймактардагы офтальмологдор катышууда.