Бишкек шаарында быйылкы жылдын 9 айында үй-бүлөдөгү орой мамиленин айынан 41 бала ооруканага кайрылган. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин билдиришинче, 22 бала стационардык дарылануудан өтсө, 19 балага амбулатордук жардам берилген. Борбор шаардагы дарылоо-алдын алуу уюмдары 1786 жаран менен "Үй-бүлөдөгү социалдык-укуктук зомбулуктан коргоо" деген темада баарлашуу өткөргөнү айтылды. Аталган уюмдар тарабынан быйыл үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 107 факт каттоого алынган. Мунун 12си эркектерге, 95и айымдарга жасалган зомбулуктар. Орой мамиледен улам каза болуу фактысы болгон жок.