Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин отуруму өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргызстанда иштер райондук соттордо бүтүрүлбөй, Жогорку Сотко чейин жөнөтүлгөндүгүнө нааразы болду. “Бардык иштердин 99 пайызын Жогорку Сотко жеткирбей эле, райондук соттордо карап бүтүрүүнү туура деп ойлойм. Жарандар иштерди бир инстанциядан экинчи инстанцияга жөнөтүп жаман көнүп алышты. Эгер райондук соттор пайдалуу иштебесе, анда аларды жоюп, бир эле Жогорку Сотту калтырып койбойлубу?! Эгер ушул отурумдардын жыйынтыгында маанилүү чечимдерди кабыл албасак, адилетсиз чечимдер чыгарыла берип, кандайдыр бир саясий кырдаал түзүлүп калса, терс нерселерге алып келет”,- деди Нарымбаев.