Сокулук районунун тургунунан 1 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда унаанын салонунан 1 килограммдан ашык гашиш табылган. Дароо унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.