Кыргызстанда 2017-жылга чейин уюлдук телефон тартпаган 128 айылды уюлдук байланыш менен камсыздоо пландалууда. Муну 7-октябрда өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги кабарлады. 2014-жылдын эки кварталында өлкөдө 27 калктуу конуш уюлдук байланыш менен камсыз болгону айтылды.
"Бүгүнкү күндө уюлдук байланыштын активдүү абоненттеринин саны 7 миллион 124 722ге (бир жаран бир нече уюлдук компанияга абонент боло алат) жетти. Уюлдук байланыштын тарифтери жыл сайын 5-15 пайызга арзандоодо",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, Мамлекеттик байланыш агенттигинин түзүлгөнүнө бүгүн 17 жыл толду.