Ысык-Көл. Ишен Кожоналиев Түп районунун акими болуп шайланды

26-январда Ысык-Көл облусунун Түп райондук жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп, анда район акими шайланды. Айта кетсек, район боюнча жергиликтүү кеңештин 163 депутаты болсо, жыйынга 152 депутат катышты. Район башчылыгына көрсөтүлгөн 3 талапкердин ичинен Ишен Кожоналиев депутаттардан 100 добуш алып, жеңишке ээ болду. Ишен Кожоналиев буга чейин аталган райондун акиминин милдетин аткаруучу болуп иштеп келгендигин айтат өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан