8-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +7°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +10°C
Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +6°C
Нарын облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +6°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +5°C
Эскертүү!
8-9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.