
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы "Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси, "Заманыбыздын супер телеалпаруучусу"
Эрмек Нурбаев Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти кызыл аттестат менен бүткөн соң Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач КВНдерге калбай катышып, эл алдына чыгып жүрүп, телевидениеге 2005-жылы "Браво" долбоору аркылуу келген.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Алайдын Коңур-Дөбө өрөөнүндө легендарлуу
Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. 2011-жыл расмий түрдө “Курманжан датка жылы” деп аталган. Ошондуктан датканын урматына жер-жерлерде ар кандай эскерүү кечелери, мааракелер өткөрүлгөн. Алардын эң масштабдуусу Алай жергесинде өткөрүлгөн маараке болгон. 3 күнгө созулган тойдун жыйынтык кечеси 8-октябрга белгиленип, ага КРнын Президенти Роза Отунбаева баш болгон бийлик өкүлдөрү атчан келишкен.

* Мындан 141 жыл мурун, 1873-жылы АКШда аялдар үчүн алгачкы түрмө ачылган. Ал жакта аялдар камераларда эле отурбастан, атайын коттедждерде жашашкан. Түрмөдө бала бакча да болгон. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар ар кандай жумуштарда иштеп, мөмө-жемиш, жашылчаларды консервалоо менен алектенишкен. Ал эми бош убактарын волейбол, теннис ойноо менен өткөрүп, музыкадан сабак алышкан.

* Мындан 44 жыл мурун, 1970-жылы орус жазуучусу
Александр Солженицын адабият тармагы боюнча "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Анын аталган сыйлыкты алышына жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирлер айтылып келет. Александр Солженицын социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн "Нобель" сыйлыгын алган.