Кыргызстандын “Азия Микс” командасы КВНдин Жогорку Лигасында, “Тамашоу” курама командасы Премьер-лигада белгилүү алып баруучу Александр Масляковдун жетекчилигинде өтүүчү оюнда өнөр көрсөтүүгө укук алышты. Бул тууралуу Эл аралык КВН бирикмеси кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы Жогорку Лигада 20 команда ат салышат, алардын бири Кыргызстандын “Азия Микс” командасы болмокчу. Эске салсак, Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан Эл аралык “КиВиН-2013” фестивалынын жыйынтыгы 27-январда чыгарылган.