Жол кырсыгынан улам өткөн жылы Баткен облусунда 33 жаран өмүрүнөн ажыраса, бул жылы 31 жаран көз жумган. Анын беши жаш балдар. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жалпысынан 36 МАИ кызматкери бар. Алардын ар бири 80 чакырымдан жолду тейлешет. Баткен шаарында жолдор оңдолуп, жол чырактар коюлганы менен, кырсыктардын саны дале болсо өсүп жатат. Мунун алдын алуу үчүн бүгүнкү күндө Баткен облусунун ар бир район-шаарларында “Автожүрүш-2014” рейди өтүп келгени кошумчаланат маалыматта.