Көчмөндөр оюндары өткөн ат майдандын курулушунда иштеген айрым жарандар акчаларын ала элек

Сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кайра курулган ат майдандын курулушунда иштеген айрым жарандар акчаларын ала элек. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына кечээ, 7-октябрда Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.

“Биз, уюштуруучулар, бүгүнкү күндө отчётторду тапшырып жатабыз. Эртеби-кечпи курулушта иштегендерге акчалары берилет. Текшерүү иштери бүтсүн, анан аларга төлөнчү сумма анык болот”,- дейт А.Касенов.

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 9-14-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ат майдан болсо аз убакыт аралыгында, 8-сентябрда бүткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zman53
2014-10-08 08:40:47
Бул оюнга 105 млн сом сарпталып,тушкону 10 млн сом болсо кайсы акчаны толойсунор?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан