Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында Алтынбек Максүтов маданият, маалымат жана туризм министри болуп шайланды. Анын талапкерлигине 84 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди. Төрага Асылбек Жээнбеков аны министр болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, Максүтов "Ар-намыс" фракциясынын квотасы боюнча министрлик кызматка шайланды.