Ноокен районундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 537-чакырымында болгон. Анда Инфинити QX56 унаасы менен Субару унаасы сүзүшүп, анын кесепетинен 26 жаштагы Субару унаасынын жүргүнчүсү каза тапкан. Ошондой эле 4 жаран жабыркаган.