Тоң районунда жол кырсыгында 3 адам жараат алып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 25-чакырымынан 27 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай Ниссан-Примера унаасы менен оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын айынан Балыкчы шаарынын тургуну болгон 27 жаштагы айым кырсык болгон жерде каза тапкан. 3 адам ар түрдүү жараат менен аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө.