Бишкек шаарындагы сауналардын биринде өрт чыкты

Бишкек шаарындагы сауналардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү саат 23:18 чамасында өрт кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде өрт чыкканы айтылган. Аталган жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, саат 02:50дө толук өчүрүшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен саунанын 90 чарчы метр чатыры, 100 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан