7-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Намдеорао Кхобрагаде болду. Аталган китепканадан билдиришкендей, жолугушууда Улуттук китепканада Индия маданиятынын борборунун расмий ачылышы боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.
Маалым болгондой, борбордун бет ачар аземи 14-ноябрда дүйнөлүк саясат ишмери Жавахарлал Нерунун туулган күнүнө белгиленди.
“Имаратты оңдоп-түзөө иштери Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда жүргүзүлүп, керектүү техникалар менен жабдылган. Индия маданиятынын борбору көрүүчүлөрдү индия маданияты, адабияты, китептери, документалдык тасмалары менен тааныштырат”,- деп билдиришет Улуттук китепканадан.