Мекемелер аралык комиссия Каржы министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү “аталган министрликтин кызматкерлери көмүр сатып алуу үчүн бөлүнгөн акча каражатынын 10 пайызын талап кылган” деген маалыматтын негизинде жана министрликтеги бир катар коррупциялык кылмыштарды ачыкка чыгаруу максатында жүргүзүлөт.
Эгерде кимде жогорудагы фактылар боюнча маалыматтар болсо, төмөнкү номурларга кайрылышса болот: (0550) 38-38-48, (0312) 66-00-20, (0312) 26-62-84.