Бишкек-Ош каттамында жүрүүчү чоң жүк ташуучу унааларга чектөө коюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-октябрда саат 08:00дөн баштап "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду. Буга Төө-Ашуу ашуусундагы унаа жолун кардан тазалоо жана кум себүү иштери себеп болууда. Жеңил автоунаалар үчүн жол ачык. Азыркы убакта "Сосновка" постунда 60 оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.