“Бишкекте суунун аздыгынан бак-дарактар куурап жатат” деген шылтоону токтотуш керек” дейт Кубанычбек Кулматов

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча комиссиянын отуруму өтүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов: “Суу тартыштыгынан бак-дарактар куурап жатат” деген шылтоону токтотуш керек”,- деди.

Анын айтымында, мындай отурум 3-жолу өтүп, суу маселеси боюнча так жооп берилбей жатат. “Ушул жылы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бирдей эле. 20 күн гана суу жок болду. Коррупцияга каршы кызматы иликтеп баштаганда суу бериле баштады. Балким, сууну мыйзамсыз буруу жана пайдалануу орун алып жаткандыр? Бул маселени тергеп, иш жүргүзүш керек”,- деди мэр.

Мындан тышкары ал арыктарды тазалоо жана салуу керек экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AZIK01
2014-10-08 12:36:01
"Суу" шылтоо боло албайт.
+2
Dadin1
2014-10-08 12:41:35
Откон жылдарга салыштырганда суунун колому бирдей эле болсо анда эмнеге суунун колому аз деп электр энергиясын очуруп жатасынар?Сатып жатасынарда ээ элден уурдап!!!
0
Oi_pikir
2014-10-08 12:42:04
Эмиби? Кар жааганда эсиңизге келдиңизби, урматтуу мэр? Ушул эле "супер кабарлар" жазып, атүгүл сүрөттөрүн да жүктөп жатты го жайы менен, башкалаабыздын кантип чөлдөп, куурап жатканын. Кыш келгенде бул сөздөрдү айтпай, жазында, жайында талап кылуу керек эле.
+3
admin_portal
2014-10-08 17:48:14
Ibragim864, Саламатсызбы!
Сиз бул кабарга комментарий жазган эмессиз. Жаңылып жатасыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан