Бишкекте кытай жаранынын үйүнө ууруга киргендер кармалышты

Бишкекте кытай жаранынын үйүнө ууруга киргендер кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине кытай жараны кайрылган. Анда ал үйүнө белгисиз адамдар кирип, 45 миң долларын, кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы А.Тилек, Ш.Иса жана 21 жаштагы Ж.Бакыт, К.Бектемир кармалышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
realliver
2014-10-08 14:35:16
Кармашат да аларды ары-бери. Батыраак кармашпаса милициябызды кытайлар, "эмне далдырап кармай албай журосунор" деп "сабап" коюшпайбы
+1
Jiide.8792
2014-10-08 15:24:20
кытайды кошо урдап кетпепсинерда тапай калмак ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан