Өткөн суткада Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте – 5, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2 өрт кырсыгы орун алды. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 38 жаштагы үй ээси Бакыт Анабаев түтүнгө ууланып каза тапты. Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, тилсиз жоо электр өткөргүчтөрүндөгү чыңалуудан улам келип чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан