Аламүдүн районунда 47 жаштагы айымдын үйүнөн диний-экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылында диний-экстремисттик маанайдагы материалдарды сактоо жана жайылтуу фактысы аныкталган. Анын негизинде 47 жаштагы айымдын үйү текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында “Хизбут-Тахрир” уюмуна тиешелүү 31 китеп, баракчалар, дисктер табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.