Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүдө коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондордун бир катар тургундарына кирешелерин жашыруу менен
жөлөк пул берилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө бардыгы болуп 650 факты аныкталган. Мунун негизинде мамлекет 2 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда “алдамчылык” жана “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.