7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто айыпталуучу Данияр Дунганов эсин жоготту

Бүгүн, 28-январда өтүп жаткан 7-апрель окуясы боюнча сотто айыпталуучу, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Данияр Дунганов эсин жоготуп, жыгылды. Окуядан соң дарыгерлер чакырылып, Дунганов ооруканага жеткирилди. Айта кетсек, 21-январда Данияр Дунганов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Андан кийин айыпталуучу 2 ирет сотко келген, бирок күбөлөрдүн келбей калышынан улам сот иши болбой калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан