Жылнаама, 9-октябрь: Мындан 47 жыл мурун латын-америкалык төңкөрүшчү Че Гевара көз жумган

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы обончу, аткаруучу, КРнын Эл артисти Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салган. "Кыргыз жери", "Өрүкзарга кетели" деген ырлары менен эл сыймыгына айланган Апаз Жайнаков Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырган. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга, аскердик кызматка жөнөп, аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калган. Ал убакта бош жүрбөстөн, Апаз Жайнаков айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштеген. Кийин Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алган. Студияны аяктагандан кийин айылына барып, мурдагы жумушун уланткан. Ал эми 1985-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болгон. Окуусун аяктап, бала бакчада эмгектенген. Андан соң Баткен райондук маданият үйүндө иштеп калган.
 
* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы англиялык музыкант, коомдук ишмер, “Битлз” тобунун негиздөөчүсү жана лидери Жон Леннон Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. Ал ата-энесинин жалгыз уулу болгон. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен, 3 жашынан баштап таежесинин колунда чоңойгон. 10 жашында апасын көчөдөн мастар сабап өлтүрүп кетишип, Жондун ыр жазуу таланты ошондо ойгонгон. Жашынан эле музыкага жакын болгондуктан, 16 жашында топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, алгач 1963-жылы Синтия аттуу кызга баш кошкон. Ортолорунда бир уулу бар. Кийин 1968-жылы Йоко Оно аттуу сүрөтчү менен кол кармашат. Бул жолу сүйүүсү үчүн өзүнүн Жон Уинстон Леннон деген фамилиясын Жон Оно Леннон деп өзгөртүп алган. Бирок ушул жылдан тартып баңгизаттарын көп колдонгондуктан, топтогу лидерликти Пол Маккартниге өткөрүп берген. Топтон тышкары өз алдынча чыгарган альбомдору ийгиликке жетишкен эмес. 1980-жылдын 8-декабрында өзүнүн өтө берилген күйөрманы Марк Чэпмен далысына 5 жолу ок атып өлтүргөн. Ошентип, Жон Леннон 40 жашында көз жумган. 
* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы латын-америкалык төңкөрүшчү Че Гевара көз жумган. Че Гевара мамлекеттик кызматтан кеткенден 1,5 жылдан кийин Боливиядагы көтөрүлүшчүлөр менен бирге экендиги маалым болгон. Тилекке каршы, ал жетектеген кичинекей отряддын максаты ишке ашпай, аны талкалоо үчүн АКШнын президенти "Синтия" аттуу атайын операцияга кол койгон. Атайын даярдалган ал операцияда Че жарадар болуп, колго түшкөн. Аны ошол жердеги мектепке камашып, 1967-жылдын 9-октябрында атып өлтүрүшкөн. Ал эми анын сөөгүн элдин кароосуна таштап коюшкан. Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерде өлтүрүлгөн эле жерге коюлган деп билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген. Азыр анын сөөгү Че Геварынын күмбөзүнө коюлган. Бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.
9-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан