27-январда, Бишкектеги “Манас” аэропортунда Орусияга сапар алмакчы болгон жарандын жанынан автоматтын 12 даана огу табылып, колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Кармалган жаран 1977-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну У.С. экендиги белгилүү болду. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.