Нарын облусунун башкы прокурору Жаныбек Салиев Нариман Түлеевдин сотунда 4 саатка чукул күбө катары суралып, сот иши 14-октябрга жылдырылды.
Жаныбек Салиев буга чейин Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер башкармалыгын жетектеп келген. Ал эми Нариман Түлеевге жана мэриянын бир катар чиновниктерине карата козголгон кылмыш ишинде тергөөнү жетектеген. Нарын облусунун прокурору: “Мен Түлеевге карата козголгон кылмыш ишинде тергөөнү жетектегем. Бардык чоо-жайды билүү үчүн Кытайга барып, ал жактын полициясынын автобустарды жасаган ишкананын жетекчилигинен алган сурагына катыштым. Чогулган материалдардын негизинде айыптоо тактым”,- деп билдирди.
Мындан соң Жаныбек Салиев айыпталуучулардын жана жактоочулардын бир катар суроолоруна 4 саатка чукул жооп берди. Ал коррупциялык схемалар ачыкталгандыгын айтып, “айыпталуучуларга күнөө туура коюлган” деген оюн билдирди.
Сот отурумун жетектеп жаткан Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова Жаныбек Салиевден “Сиз айыпталуучулар мамлекетке зыян кылган деген сумманы кандайча жана эмненин негизинде эсептегенсиз?” деп сурады. Өз кезегинде Ж.Салиев “кылмыш ишиндеги материалдар, документтердин негизинде өзүм эсептеп чыккам” деп жооп берди. И.Воронцованын “Тергөөчү ошондой ишти жасай алабы?” деген суроосуна Нарын облусунун прокурору “менимче, жасай алат” деп жооп берди. Буга катар Нариман Түлеев “Эксперттердин жардамы жок кандай эсептегенсиз, экономикалык билимиңиз барбы?” деп сурады. “Юридикалык билимим бар. Өзүм эсептеп чыктым” деди Жаныбек Салиев. Бул учурда сот отурумунда катышып отурган жарандардын айрымдары “калькулятор ала коюп, кел, эсептей калалы дешкен го” деп нааразычылыгын билдиришти. 4 сааттан ашык убакытка созулган сурактан соң Ирина Воронцова сот отурумун 14-октябрга жылдырды.