Көк-Суу жайлоосунда ашууда калган 7 чабандын абалы белгисиз бойдон калууда

Көк-Суу жайлоосунда 2000 баш кою менен ашууда калган 7 чабандын абалы белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районундагы Барпы айылдык аймагына караштуу Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын чабандары (7 адам) 2000 баш кою менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда кар калың жаагандыктан, ашуудан малдарын айдап өтө албай калышкан. Азыркы убакта ашуудан өтүү мүмкүн болбогондуктан, чабандардын абалы белгисиз. Кечээ, 8-октябрь күнү чабандардын жакындарынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабына Коргоо министрлигинин тик учагын пайдалануу үчүн атайын кат жолдогон. Жогорудагылардын негизинде Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунан чабандарды тез аранын ичинде алып чыгуу максатында 2014-жылдын 9-октябрында  Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагын учуруу иш-чаралары көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
future_kg
2014-10-09 10:21:43
Байкуш менин мамлекетим, болгону бир эле тик учагы бары. Калганын Кулов Африкага сатып жиберген!
+3
mirbakg
2014-10-09 10:22:03
Силер ойлонуп тик учагынарды учуруп акчасын ким толойт деп ойлонгуча бир Жума отот !!!!
0
Jiide.8792
2014-10-09 11:26:02
биздикилер кар эригенде барышат
0
Jiide.8792
2014-10-09 11:29:18
тик учак журбой атса керекта же акчасын ким толойт деп отурушатырда
0
Ala-Too
2014-10-09 14:26:28
Чабандар да кызык, аба ырайынын кунгой-тескейин билип эле келет, 10-20 кун мурунтан жакага кочсо болбойт беле, элдин малын багып берем деп алып чыгып алып кырып алса аны бийлик толоп бербейт да.. Оздору аман болсунчу биринчи... Ото алыс кетишкен экен болгондо да...
0
Byshakov
2014-10-09 17:13:23
Ala-Too, Бул мезгилде койлор уйго келип калышчу, бул малчылар кеч калышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан