Бишкектеги батирлердин биринен 88 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 8-октябрь күнү саат 22:46 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдүн 9-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен табылган 1926-жылы туулган Нина Литвиненконун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.