Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 8-октябрь күнү саат 14:08 чамасында болгон. Анда Фольксваген үлгүсүндөгү унаа BMW үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, 3 жабырлануучуну Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.