Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондук аскер комиссариатынын чакыруу комиссиясындагы коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комиссариаттын кызматкерлери жана чакыруу комиссиясынын дарыгерлери ич ара сүйлөшүп алышып, аскерге чакырылуучулардын медициналык көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөн. Мындан улам айрымдарына “альтернативдик кызмат өтөө” же “аскерге жараксыз” деген чечим чыгарылган. Бул үчүн аскерге чакырылуучулар комиссариаттын кызматкерлерине жана чакыруу комиссиясынын дарыгерлерине акча беришчү.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аскер комиссариаты тарабынан “психикалык жактан аскерге жараксыз” деп табылган аскерге чакырылуучуга “ден соолугу жакшы” деген диагноздун негизинде айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталган.
Учурда жогорудагылар боюнча бир катар беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.