Бишкекте Ысык-Көл облусунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалды

Бишкекте Ысык-Көл облусунун тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди. Маалыматтарга караганда, 27-сентябрда борбор калаанын чет жакасындагы Ак-Ордо конушунда Ат-Башы районунун 35 жаштагы Б.А. аттуу тургунунун жансыз денеси табылган. Иликтөөдө аталган жаран башына тийген катуу соккудан улам каза болгону аныкталган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында анын өлүмүнө шектүү катары Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө учурунда 24 жаштагы У.М. талап-тоноо үчүн Б.А. аттуу жаранды таш менен башка чаап жибергени ачыкталган. Бул соккудан кийин Б.А. каза болуп калган. Кармалган адамдан каза болгон жарандын уюлдук телефону далил зат катары алынды. Учурда иликтөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан