7-апрель окуясы боюнча сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бүгүн, 28-январда 7-апрель окуясы боюнча сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мунун себеби 7-апрель окуясы боюнча сот ишине төрагалык кылуучу Дамир Оңолбековдун Чүй облустук сотунун судьясы болуп дайындалышы жана ант бере электиги менен байланыштуу болду. Айта кетсек, 26-январда президент Алмазбек Атамбаев Чүй облустук сотунун судьялыгына 14 талапкерди дайындоо тууралуу жарлык чыгарган. Ал судьялардын бири - Дамир Оңолбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан