Москвада “бирге жашаган кызды бычак менен сайып өлтүргөн” деп шектелген 24 жаштагы Жанобидин Сайдиев 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Москва шаарынын Хамовническ райондук соту чыгарган. Бул тууралуу Москва шаарынын прокуратурасы кечээ, 8-октябрда билдирди.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Москва шаарындагы метролордун биринин жанынан Жанобидин Сайдиев аттуу жаран өзү менен бирге жашаган 23 жаштагы кызды бир нече жолу бычак менен сайган. Анын кесепетинен жабырлануучу кыз каза тапкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум кыз дагы, кылмышка шектүү дагы Кыргызстандын жараны экени аныкталган.