Ысык-Көл районунда "дайынсыз жоголду" деп изделип жаткан эки жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 8-октябрь күнү Чоң-Өрүктү айылынын тургундары 1993-жылы туулган Бактыбек уулу А. жана 1974-жылы туулган Р.Өмүркулов көлдө балык уулап жүрүшүп дайынсыз жоголушкан. Издөө иштерин туугандары өз алдынча жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Кийин алар Ысык-Көл облусундагы Семёновка айылында экендиги белгилүү болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алардын моторлуу кайыгы бузулуп калгандыктан, шамалдан улам толкун Семёновка айылы тарапка алып барып, жээкке чыгарып койгон. Анын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.