Өзгөн шаарындагы борбордук базарда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт бүгүн түнү катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен бут кийим оңдоочу жайдын, ашкананын жана дан азыктарын текшерүүчү лабораториянын чатыры күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.