Өмүрбек Абдрахманов "ЖКнын гаражындагы унааларды сатып, Баткен облусуна чек ара бекетин куруу керек" дейт

"ЖКнын гаражындагы унаалар менен парламентке караштуу пансионаттарды сатып, Баткен облусуна чек ара бекетин куруу керек". Бул пикирди бүгүн, 28-январда депутат Өмүрбек Абдрахманов "Жогорку Кеңештин эффективдүүлүккө багытталган бюджети: өнүгүүнүн жаңы форматы” аттуу парламенттик угуу маалында билдирди. Депутаттарды кармоого кеткен чыгымдардын көп экенин айткан депутат "биз 1,5 жарым жыл мурун ушул демилге менен чыкканбыз, бирок чечиле элек" деди. Анын айтымында, ЖКдагы 120 депутаттын 120 жардамчысы, ЖКнын иш башкармалыгында 183 кызматкер иштейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан