Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия кечээ, 8-октябрда Курманжан датка, Г.Айтиев, Масалиев, Раззаков көчөлөрүндө рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 12 унаанын туура эмес жайга токтотулганына жана 4 маршруттук таксинин аялдама жок жайда токтотулганына карап протоколдор толтурулду. Мындан кийин рейддер аптасына 2 ирет уюшулуп турат.