Ашууда калган чабандарды куткаруу үчүн тик учак жөнөп кетти

Ашууда калган чабандарды куткаруу үчүн тик учак жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.

Бүгүн, 9-октябрда саат 12:00гө карата алынган маалыматтар боюнча, төмөндөгүдөй тизме такталган:

Барпы айыл аймагына караштуу Беш-Мойнок айылынын тургундары: 

1.Абдыров Толкунбай, 1962-жылы туулган (анын каза болгону айтылууда). 

2.Бекташов Орокбай, 1953-жылы туулган.   

3.Умаров Темирали, 1981-жылы туулган.

4.Умаров Берик,1989-жылы туулган.   

5.Тариэль, 42-45 жашта.

Түрк-Абад айылынын тургундары:

1.Мурсаев Мирзахид, 1992-жылы туулган. 

2.Сариев Мурзали, 1967-жылы туулган. 1-октябрь күнү жардамга чыккан. 

3.Маматалиев Орипжан, 1968-жылы туулган. 1-октябрь күнү жардамга чыккан.

Багыш айыл аймагынын тургуну: 

1.Үсөнов Кудайберди, 1992-жылы туулган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагы Бишкек шаарынан учуп кетти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asil-08
2014-10-09 14:08:27
тезиреек барып куткарып калышса экен эми
0
Ganibal87
2014-10-09 14:53:54
есен аман кайтып келишсин Аллах насип етип Бозчычкандыктар жокпу екен?
0
joodar.kg
2014-10-09 15:26:24
не болуптур эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан