Бишкекте кыз зордуктоо кылмышы боюнча шектелип 5 жаран кармалды

Бишкек шаарында кыз зордуктады деген шек менен 5 адам кармалды. Кылмышка шектүү - 1989-жылы туулган Т.Р., 1990-жылы туулган О. уулу К. жана 1990-жылы туулган К.А. аттуу жарандарга 24-январда Бишкек шаарынын Үсөнбаев көчөсүндө 24 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча күнөө коюлууда. Дагы бир зордуктоо кылмышы ушул эле күнү катталган. Бишкектин 29 жаштагы жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, зордукталганын айткан. Укук коргоо кызматкерлери көп узатпай кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну С.Н. аттуу жаранды кармашты. Ал эми 25-январда борбор шаардагы үйлөрдүн биринде 8 жашар кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен Бишкек шаарынын жашоочусу 1966-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды. Учурда аталган фактылар боюнча медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Marvel
2013-01-28 14:10:21
.ex КЫРГЫЗ кайда баратат?
0
azapraza
2013-01-28 14:56:26
Marvel, Bombeige)))
0
menedjer
2013-01-28 15:23:54
акмактар айбандан бешбетер!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан