Ашууда калган чабандардын абалы жакшы экендиги белгилүү болду

Ашууда калган чабандардын абалы жакшы экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 9-октябрда саат 10:45те Түрк-Абад айылынын тургуну, 1992-жылы туулган Мирзахид Мусаев буга чейин ошол жактан келип калган Сталбек Абдыровго байланышка чыгып, 1992-жылы туулган Кудайберди Үсөнов экөө 500 баш койду айдап Көк-Суу жайлоосунан Сузак районунун Саз жайлоосуна ашып өтүшкөнүн кабарлаган.

Ал эми Беш-Мойнок айылынын 4 тургуну 1500 баш койду айдашып, Тогуз-Торо районунун аймагын көздөй жол алгандыгын билдирген. Ошондой эле атуулдардын жана жандыктардын абалдары канааттандырарлык экендигин кошумчалаган.

Ал эми куткаруучулар, медицина кызматкерлери жана каза болгон Толкунбай Абдыровдун туугандары Көк-Суу жайлоосунда суука карышып каза болгон жарандын денесин алып келгени жана башка чабандардын абалын билүү үчүн тик учак менен учуп кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан