Атасынын KG номурлуу унаасын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн депутаттын уулу кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматовдун баласы атасынын KG номурлуу унаасын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-октябрь күнү саат 13:45 чамасында Горький көчөсүндө 0017 мамлекеттик номурлуу Лексус RX400h унаасы токтотулган. Унаа Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматовго тиешелүү экени аныкталган. Ошол учурда унааны депутаттын 1995-жылы туулган Кубат Калмаматов аттуу баласы башкарып бара жаткан. Анда тиешелүү документтер жанында болгон эмес.  

Учурда унаа айып жайга токтотулду. Ал эми депутаттын баласына 500 сом айып пул салынды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
jasi
2014-10-09 16:20:34
Атасы бир чалуу менен чыгарып алатгоо бизд е )
+8
aidartegin
2014-10-09 16:23:06
Депутаттын баласына 500 сом кеп бекен....
+11
uran001
2014-10-09 16:38:03
Чыгарып кетет турган болсо да стоянкага алып киришиптир азаматтар.Ошто эч ким тоготпойт дпсникти,М.Умардын балдары урат аларды.
+7
Odik11
2014-10-09 18:00:13
uran001, Жайладын го )))
+5
bema_bema
2014-10-09 17:08:17
500)))))
+6
Bekzamann
2014-10-09 17:10:44
Ошто М Умарын бандиттер окшойт анда э?
+3
Dadin1
2014-10-09 17:14:31
500 сом дейби,айып пул которулду деп жатпадынар беле? Эски тариф менен салып койупсунарда ээ тааныш-билиш кылып. 500 сом эмес 50.000 сом салыш керек болчу.
+10
kama_future_millioner
2014-10-09 17:25:41
500 сом салып да болобу, карапайым эллин машинасы болгондоо 5000 мин салмак эленер эмне депутаткаа кучунор жетпедиби.
+10
myrza80
2014-10-09 18:14:56
Чыгарган мыйзамдары баарына бирдей иштесе жакшы болмок.
+7
M89
2014-10-09 19:16:44
Жашасын биздин милиция. А баса кече эле кж номурлуу унааларды депутаттардын суйутуулору айдап журот деген кабарды окудум эле . Эми уулу айдаганы кармалган экен. Мына факт!
+10
baiysh0704
2014-10-10 01:13:34
Ой кысталак десе 500 сомго азыр мышык задница не показывает.5000 салса олобу жепутаттын баласына.Эй адамдар закон баарыбызга бирдей болсун.
+8
Manasemetei
2014-10-10 03:17:28
stoiankaga kirgiziptirgo.uwunun ozu jakwy
+1
Ular91
2014-10-10 04:28:05
500 сом штрав салса салыптыр, эн кызыгы кармаган адамдын озун сурап койуш керек. Бир кун откондон кийин ал башка бироодон акча сурап журбосун эмне болду десе кече чондун баласын токтотуп алыпмын тел-на 5000 сом салышым керек деп.
0
chalkan
2014-10-10 09:28:15
Калыстык кайда, ремень безопастности жок штраф 1000 сом, а документи жок окмоттун бензини менен сайрандап жургондорго 500сом, бет деген кичине чымыраш керек да.
+1
mikinookat
2014-10-10 10:22:58
chalkan,bez dokument 5000 go shtraf....((((
-1
sarbo
2014-10-10 10:30:30
жепутаттарга 500 сом дегенин семичканын эле пулу,жок дегенде 5000 салса болот эле
+1
Frunze1
2014-10-10 14:56:07
Эл козуно эле айтып коюшкан 500 сом штраф салды деп, бул машинени тоскон ГАИ азыр кокуйлап отурат, окуя ММКларда чагылдырылып элгер жетээрин кайдан билиптир, тиги депутат сорой ачуусун ГАИшниктен чыгарып 500 сомун 500 000 сом кылып кайрып алса керек жаман атка кондурдун деп корбогон кордукту корсотуп...

ГАИнин кучу карапайым элге эле жетет, кааласа 500 кааласа 5000 сом штраф салып, айтканбыз бул штраф карапайым элди кыйнаш учун гана деп.... эч кимин 5000ден штраф толобой жургуло
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан