Аскер түзүмдөрү кулагы укпаган балдардын жатак-мектебине парталарды сатып алууга 40 миң сом тапшырат

Эртең, 10-октябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда өтүүчү Кулагы укпаган балдардын республикалык жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышышат. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер кызматчылары бул жатак-мектептин мааракесине эки окуу классын парта менен камсыздоого 40 миң сом өлчөмүндөгү сертификатты тапшырышат.

Айта кетсек, өкмөттүн 2012-жылдын 24-январындагы №15-буйругу менен Кулагы укпаган балдардын республикалык жалпы билим берүүчү жатак-мектеби Коргоо министрлигине жетекчиликти жүзөгө ашыруу үчүн бекитилип берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан