
* Мындан 55 жыл мурун, 1959-жылы КРнын Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын экс-жетекчиси, опера ырчысы
Керим Турапов Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Ал студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестринин коллективине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган.
* Мындан 57 жыл мурун, 1957-жылы АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр Гананын каржы министринен кечирим сураган. Дэлавер штатындагы Дувр шаарындагы ресторан кызматкерлери министрдин терисинин түсүнө байланыштуу тейлөөдөн баш тартышкан.
* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы Түндүк Осетиянын Эльхотово айылына жакын жерде жайгашкан "София" ресторанын тоноо үчүн кирген Хабала Османовдун кылмыш тобу банкетте отурган элге карай ок чыгарышкан. 8 адам өлүп, экөө оор жаракат алышкан.

* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы франциялык актриса жана жаныбарлардын укугун коргоого умтулган
Бриджит Бардо мусулмандарга койду курмандыкка чалууга тоскоолдук жараткандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Актриса 1600 АКШ доллар өлчөмдөгү айып пул төлөп кутулган. Бул көрүнүш коомдо түрдүү кептерди жаратып, андан кийин ошол сыяктуу улуттар аралык талаш жарата турган иш-аракеттери үчүн 4 ирет айып пулга жыгылган.