Жалал-Абад–Казарман унаа жолу жаз айларына чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, унаа жолу Тогуз-Торо райондук администрация башчысынын буйругунун негизинде адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жабылган.
Айта кетсек, кечээ, 9-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад - Казарман унаа жолунун 84-85-86-чакырымдарында кар күрткүсү топтолуп калып, Жалал-Абад шаарынан Казарман айылын көздөй бара жаткан 12 автоунаа 60 адамы менен өтө албай жолдо калган. Жолду тазалоо иштери жүрүп, анын негизинде кайра Жалал-Абад шаарына жол тартышкан.