Ашууда калган чабандарга жардам бергени кеткен 2 адам дайынсыз болууда

Ашууда калган чабандарга жардам берүүгө чыккан 2 адамдын дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жардамга жөнөгөндөр Түрк-Абад айылынын 1967-жылы туулган Сариев Мурзали жана 1968-жылы туулган Маматалиев Орипжан аттуу тургундары болгон. Алар 1-октябрь күнү жолго чыгып кетишкен. Ошондон бери алардын дайыны билинбей жатат.

Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. Кечээ, 9-октябрь күнү чабандардын бири каза болуп, калгандарынын абалы жакшы экени белгилүү болгон. Ал эми жардам берүүгө чыккан эки жаран жайлоого барышкан эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Мэри
2014-10-10 10:35:04
Мен түшүнбөй жатам, койчулар эмнеге октябрдын ону болгончо жакага түшүшкөн эмес? Менин билишимче, сентябрь башталганда эле көчүшөт го...
+2
abakan_19
2014-10-10 10:45:59
чоптун жоктугунан журуштуда
+1
kanat_kyrgyz
2014-10-10 11:32:26
ашууга кар жаап койуп ото албай калышкан. Бир койчу тонуп олуп, МЧС соогун айылына алып келди.
+1
mersedes2013
2014-10-11 00:49:10
озбектерби кеткендер аты-жонуно караганда.эгер ХХХ ХХХ ХХХ... эчнерсе болбойт
+1
admin_portal
2014-10-13 11:32:56
mersedes2013 - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан