Чүй районунун 45 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Ал Чүй айылынын тургунунун баңгизат колдонуп жана сактап жүргөнү туурасында айткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган райондун 45 жаштагы тургуну кармалган. Аны текшерүүдө жанынан марихуана табылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.