Сокулук районунун Тынчтык конушунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 4 жашар кыз дайынсыз болууда. Аны издөө иш-чараларына куткаруучулар тартылган. Бирок төрт күндөн бери андан эч натыйжа чыкпай жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Айта кетсек, 6-октябрь күнү саат 06:28 чамасында Ауди 100 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адамды окуяга күбө болгон адамдар куткарып калышкан. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, 1 адамдын жансыз денесин жана автоунааны суудан чыгарып беришкен. Ал эми унаанын ичиндеги 4 жашар кыз дайынсыз болууда.