Жалал-Абад облусунда баласы атасынын өлүмүнө шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунда баласы атасынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Таш-Көмүр шаарында 1954-жылы туулган жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүү катары ошол эле шаардын 24 жаштагы тургунун кармашкан. Ал каза болгон жарандын баласы болгон. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ата-баланын ортосунда уруш чыгып, баласы мас абалында атасын сабап салган. Анын негизинде жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Feijipiao
2014-10-10 12:03:06
Эмнеле болуп баратат.Ыйман-ынсап берсин балдарга.Акыркы убактарда ушундай кабарларды угуп,зээним кейип,журогум ооруп чыга турган болдуда.
0
Vunderking..
2014-10-11 16:11:20
Ата созу ок апа созу бок демекчи байкуш атасына жаман болуптур ал баласы акылынан тйыганго. мындай ата баланын ортосундагы жанжалга себеп болдум баласы атасын токмоктоп жаткан жерине кирип бардым анан баласын мен токмоктоп кочого айдап салдым атасы рахмат айты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан