Бишкекте соода күркөсүнүн сатуучусун күч колдонуп тоногондор изделүүдө

Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда 9-октябрга караган түнү эки белгисиз адам соода күркөсүнүн сатуучусун тоноп кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү саат 23:30 чамасында соода күркөсүнө жашы 18-20 чамасындагы эки жигит кирип, күч колдонуу менен А.Л. аттуу сатуучунун 6 миң сомун жана уюлдук телефонун тартып алышкан.   

Учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eliza94
2014-10-10 13:18:36
Алар го Алар жанагы. Дордой базарынын каракчылары. Табылбай эле атпайбы
0
temirov76
2014-10-10 14:49:44
Мумкун алынган 6миндин жарымы ошол издеп табуучулардын чонтогуно кетер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан